> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин брифингине катышты
- URL: https://im.kg/banktar/2026/09/29/uluttuk-banktyn-toragasy-evftin-brifingine-katyshty/
- Published: 2026-09-29T05:17:52.000Z
- Updated: 2026-09-29T05:17:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев 24-25-сентябрда Вашингтондо Эл аралык валюта фонду уюштурган жогорку деңгээлдеги брифингге катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, брифингде борбордук банктын акча-кредит саясаты, финансы системасынын туруктуулугу жана институционалдык негизин бекемдөө маселелери талкууланды. Эл аралык резервдерди башкаруу, төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана борбордук банктын санарип валютасына өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын алкагында ЭВФтин башкаруучу директору Кристалина Георгиева менен жолугушуу өттү. Тараптар дүйнөлүк экономикадагы акыркы тенденцияларды талкуулап, Кыргызстан менен ЭВФтин кызматташтыгын улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**