> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк исламдык каржылоодо “кемүүчү мушарака” механизмин кеңейтти
- URL: https://im.kg/banktar/2026/09/30/uluttuk-bank-islamdyk-karzhyloodo-kemuuchu-musharaka-mekhanizmin-keneitti/
- Published: 2026-09-30T07:43:07.000Z
- Updated: 2026-09-30T07:43:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Улуттук банк Башкармасы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомун кабыл алды. Анда** **ислам банк иши жана каржылоо принциптерине байланыштуу ченемдерге өзгөртүүлөр киргизилген.**

Аталган токтомдо “шарика/мушарака” жана “кемүүчү мушарака” келишимдеринин шарттары такталган.

> Өзгөртүүлөргө ылайык, “шарика/мушарака” келишими өнөктөштөр биргелешип сатып алган мүлккө да түзүлүшү мүмкүн. Ал эми “кемүүчү мушаракада” өнөктөштөрдүн бири экинчи өнөктөштүн мүлктөгү же өнөктөштүктөгү үлүшүн акырындык менен сатып алып, акырында анын толук ээси боло алат.

 Мындай келишимде төлөмдөрдүн өлчөмү, төлөө тартиби жана мөөнөтү так көрсөтүлүүгө тийиш. Келишим жазуу жүзүндө же санарип документ түрүндө түзүлөт. Мыйзамда каралган учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.

Документте мүлктү пайдалануу, камсыздандыруу жана тейлөө чыгымдары боюнча тараптардын жоопкерчилиги да белгиленди. Чыгымдар өнөктөштөрдүн мүлктөгү үлүшүнө жараша бөлүштүрүлөт.

Ошондой эле өнөктөш банктын же финансылык-кредиттик уюмдун мүлктөгү үлүшүн пайдаланганы үчүн ижара акысын төлөйт. Ал эми өнөктөш банктын же ФКУнун үлүшүн сатып алган сайын ижара акысынын өлчөмү пропорционалдуу азаят.

 Жаңы талаптар боюнча өнөктөш мүлктүн 20% же андан көп үлүшүн сатып алгандан кийин, тиешелүү үлүшкө менчик укугу ага өткөрүлүшү мүмкүн. Мүлк мыйзамдарга ылайык күрөө катары да колдонулушу мүмкүн.

 Өзгөртүүлөр Улуттук банктын 2026-жылдын 24-сентябрындагы токтому менен бекитилип, 2026-жылдын 13-декабрынан тартып күчүнө кирет. Алар коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана кредиттик союздарга тиешелүү.