> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2 акча алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети токтотулду
- URL: https://im.kg/banktar/2026/10/01/2-akcha-almashuu-biurosunun-litsenziialarynyn-araketi-toktotuldu/
- Published: 2026-10-01T04:01:13.000Z
- Updated: 2026-10-01T04:01:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 2 акча алмаштыруу бюролорунун лицензияларынын аракетин убактылуу токтотту.**

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар:

\- **“Лекс Финанс”** ЖЧКнын алмашуу бюросу. Лицензиясынын аракети 2026-жылдын 30-сентябрынан тартып 2026-жылдын 4-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду;

\- **“Алинур кейджи”** ЖЧКнын алмашуу бюросу. Лицензиясынын аракети 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 2026-жылдын 3-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына чейин токтотулду.

Азыркы тапта Улуттук банктын лицензиясынын негизинде, акча алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан **892 алмашуу бюросу бар**. Алардын дээрлик көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

****Алмашуу бюросу** \- бул КРнын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырылган нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт болуп саналат. ****Акча алмашуу ишмердүүлүгү** менен атайын лицензияга ээ болгон юридикалык жактар гана алектене алышат.