> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир кредиттик союзга 55 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/10/01/bir-kredittik-soiuzga-55-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-10-01T02:51:32.000Z
- Updated: 2026-10-01T02:51:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Ысык-Көл облусундагы бир кредиттик союзга 55 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.**

> Билдирүүгө караганда айып пулду Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы салган. Бирок кайсы кредиттик союзга карата чара көрүлгөнүн ачыктаган жок.

2026-жылдын 4-августуна карата Кыргызстандагы кредиттик союздардын реестринде **68 уюм** катталган. Алардын төртөө Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

****Кредиттик союз** — өз мүчөлөрүнүн жеке аманаттарын бириктирип, аларды өз ара кредиттөөгө пайдаланган финансы-кредиттик уюм. Мындан тышкары, кредиттик союздар башка финансылык кызматтарды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык кызматтарды көрсөтө алышат.