> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда
- URL: https://im.kg/banktar/2026/10/02/kyrgyzstanda-finansylyk-sabattuuluktu-zhogorulatuu-boiuncha-zhany-programma-sunushtaluuda/
- Published: 2026-10-02T08:16:23.000Z
- Updated: 2026-10-02T08:16:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана финансылык маданиятын калыптандыруу боюнча 2027–2031-жылдарга жаңы программа кабыл алуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.**

Документтин **негизги максаты** — жарандардын финансылык билимдерин жана көндүмдөрүн жакшыртуу, жоопкерчиликтүү финансылык жүрүм-турумду калыптандыруу, санариптик финансылык коопсуздукту күчөтүү жана негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Программаны ишке ашырууда беш негизги багыт каралган:

- финансылык билим берүү системасын өнүктүрүү;
- калктын ар кандай категорияларынын муктаждыктарын эске алуу менен финансылык сабаттуулукту жогорулатуу;
- санариптик финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү жана финансылык коопсуздукту камсыз кылуу;
- финансылык өнүмдөрдү жана кызматтарды жоопкерчиликтүү пайдалануу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо;
- финансылык сабаттуулуктун туруктуу институционалдык системасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү.

Долбоорду иштеп чыгууга финансылык жана санариптик чөйрөнүн өзгөрүшү, банктык жана банктык эмес финансылык кызматтардын көбөйүшү, виртуалдык активдердин жана жаңы финансылык технологиялардын өнүгүшү себеп болгон. Ошондой эле финансылык алдамчылык, социалдык инженерия жана жеке маалыматтарды туура эмес пайдалануу сыяктуу санариптик коркунучтардын өсүшү эске алынган.

> **2025-жылы** Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык методологиясына ылайык жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында, Кыргызстанда финансылык сабаттуулуктун жалпы индекси - **59%** түзгөн.

Анын ичинде финансылык билимдин деңгээли **56%**, финансылык жүрүм-турум — **69%**, финансылык мамиле — **42%**, ал эми финансылык бакубаттуулук **44%** болгон.

> Изилдөөгө ылайык, калктын болжол менен **59%ы** жогорку деңгээлдеги **финансылык стресске** дуушар болууда. Жарандардын **34%ы гана** финансылык билимдин минималдуу чегине жетет. Ал эми узак мөөнөттүү финансылык көз карашка ээ болгондордун үлүшү **7%ды** түзөт.

****Программада** \- балдар жана жаштар, аялдар, эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, айыл тургундары, аз камсыз болгон жарандар, улгайган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, жаңы ишкерлер жана башка топтор үчүн атайын финансылык билим берүү форматтарын киргизүү каралган. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн маалыматтарды жеткиликтүү жана ылайыкташтырылган форматта берүү сунушталууда.

Программаны ишке ашырууга мамлекеттик органдар, Улуттук банк, билим берүү уюмдары, финансы рыногунун катышуучулары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка кызыкдар тараптар тартылат.

Документ кабыл алынса, аны ишке ашыруу тиешелүү мамлекеттик органдардын жана уюмдардын бюджеттеринде каралган каражаттардын, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.