> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/10/02/toguz-torodogu-chakan-kredittik-agenttiktin-kubolugu-zhokko-chygaryldy/
- Published: 2026-10-02T07:13:20.000Z
- Updated: 2026-10-02T07:13:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.**

> Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган.

Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан 2007-жылдын 5-мартында берилген №124 күбөлүк 2026-жылдын 30-сентябрынан тартып жокко чыгарылды.

КРда Улуттук банктын лицензиясын алып, ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан 221 микрокредиттик агенттик бар.

Микрокредиттик агенттик – мыйзамда белгиленген учурлардан сырткары, коммерциялык эмес уюм таризинде түзүлгөн, КРУБдун күбөлүгүн алган, жеке өздүк каражаттарынын гана, болбосо донор уюмдардын, жергиликтүү же эларалык каржы уюмдарынын каражаттарынын эсебинен, уюмдун уставдык максаттарына ылайык жеке жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү ишке ашыруучу адистештирилген кредиттик мекеме.