> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк Ноокенде финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү
- URL: https://im.kg/banktar/2026/10/02/uluttuk-bank-nookende-finansylyk-sabattuuluk-boiuncha-seminar-otkordu/
- Published: 2026-10-02T11:34:41.000Z
- Updated: 2026-10-02T11:34:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**30-сентябрда Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен районунда көчмө семинар уюштурушту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.** 

> Маалым болгондой, семинар социалдык жактан аялуу катмардагы жарандар - аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мигранттар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өткөрүлдү.

Иш-чарада адистер жеке каражатка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, алдамчылык схемалардан сактануу жолдору тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле "дропперлик" эмне экени жана QR-код аркылуу накталай эмес төлөм жүргүзүү эрежелери түшүндүрүлдү.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**