> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө
- URL: https://im.kg/banktar/2026/10/04/finansy-ministrligi-aziia-infrastrukturalyk-investitsiialar-banky-menen-kyzmattashtykty-keneituudo/
- Published: 2026-10-04T05:27:23.000Z
- Updated: 2026-10-04T05:27:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.**

Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак мөөнөттүү каржылоону тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Сүйүналиев АБИИнин Бишкек шаарында өкүлчүлүгүн ачуу маселесин да кароону сунуштады. Банктын Кыргызстанда туруктуу иш алып баруусу өз ара кызматташууну бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу процессин тездетүүгө, ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Тараптар ошондой эле 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммити "Бишкек+25" алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Министр АБИИнин президентин Саммитке катышууга чакырды.

Мындан тышкары, Финансы министри АИИБнин вице-президенти Константин Лимитовский менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен АИИБнин ортосунда 2026–2028-жылдарга каржылоо планы боюнча Алкактык макулдашууга кол коюлду.

Алкактык макулдашуу долбоорлордун даярдыгына, ошондой эле аларды кароо жана бекитүү боюнча зарыл жол-жоболордун өтүшүнө жараша АИИБнин ресурстарын ырааттуу жана этап-этабы менен тартуу үчүн негиз түзөт.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу демилгелерин ишке ашырууда кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен иштерди улантуу боюнча конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.