> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк 4 жаранга жана 1 насыя союзуна айып салды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/10/05/uluttuk-bank-4-zharanga-zhana-1-nasyia-soiuzuna-aiyp-saldy/
- Published: 2026-10-05T05:45:57.000Z
- Updated: 2026-10-05T05:45:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**28-сентябрдан 2-октябрга чейинки жумада мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан чаралар көрүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, мыйзам бузган 4 жарандын ар бирине **17 500 сомдон** айып пул салынды. Ал эми бир насыя союзуна **55 000 сом** айып салынды.

Ошондой эле эки алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду:

• 30-сентябрдан 4-октябрга чейин - Бишкектеги Жал-29 жана Тыналиев көчөсүндөгү "Лекс Финанс" ЖЧКсынын;

• 1-октябрдан 3-октябрга чейин - "Алкан Базары", "Жаңы Түндүк" катарындагы "Алинур кейджи" ЖЧКсынын бюросу.

Мындан тышкары, "Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фонду" микрокредиттик агенттиги өзүн-өзү жоюу чечимин кабыл алгандыктан, анын күбөлүгү 30-сентябрдан тарта күчүн жоготту.