> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк банктар жана алмашуу бюролору үчүн бир катар талаптарды өзгөрттү
- URL: https://im.kg/banktar/2026/10/08/uluttuk-bank-banktar-zhana-almashuu-biuroloru-uchun-bir-katar-talaptardy-ozgorttu/
- Published: 2026-10-08T04:13:08.000Z
- Updated: 2026-10-08T04:13:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында өзүнүн бир катар ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөр банктардагы, банк эмес финансы-кредит уюмдарындагы, төлөм уюмдарындагы жана алмашуу бюролорундагы ички көзөмөл, укук бузууларды кароо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү талаптарын камтыйт.**

Маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири - банктарда кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча аудит жүргүзгөн ички аудит кызматкерлеринин тиешелүү сертификаты болушу керек.

- Ошондой эле накталай чет өлкө валютасын алмаштырууда кардарларды жана алардын ишенимдүү адамдарын идентификациялоо жана санкциялык тизмелер боюнча текшерүү талаптары такталды.
- Эгер жеке адам чет өлкө валютасын **1 млн сомго барабар же андан көп суммага** сатып алса же сатса, кардарды анкета аркылуу идентификациялоо, ошондой эле бенефициардык ээсин аныктоо жана санкциялык тизмелер боюнча текшерүү жүргүзүлөт.
- Мындан тышкары, Улуттук банктын укук бузуулар боюнча иштерди кароо тартиби жаңыланды. Комиссиянын чечимдери Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат системасына киргизилет.
- Айып пул белгиленген мөөнөттө төлөнбөсө, ар бир кечиктирилген күн үчүн төлөнбөгөн сумманын **1% өлчөмүндө туум** эсептелет. Туумдун жалпы өлчөмү мыйзамда белгиленген максималдуу чектен ашпоого тийиш.

Өзгөртүүлөрдүн айрымдары **2027-жылдын 1-январынан** жана 1-апрелинен тартып күчүнө кирет, калган жоболор расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин **иштей баштайт.**