> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк жыл башынан берки 12-валюталык интервенцияны өткөрдү
- URL: https://im.kg/banktar/2026/10/08/uluttuk-bank-zhyl-bashynan-berki-12-valiutalyk-interventsiiany-otkordu/
- Published: 2026-10-08T03:32:50.000Z
- Updated: 2026-10-08T03:32:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Улуттук банкы кечээ 2026-жылдын башынан берки 12-валюталык интервенциясын өткөрдү. Ага ылайык, валюта рыногунда 207,55 млн доллар сатылды. Бул жыл башынан берки көлөмү боюнча экинчи ири интервенция болуп саналат.**

> Расмий сайттагы маалыматтарга таянсак, жогоруда аталган жалпы сумманын **27 млн доллары** бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен, дагы **180,55 млн доллары** бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен сатылган.

Интервенция учурунда доллардын **курсу 87,45** сомду түздү. Быйылкы **эң ири валюталык интервенция** 29-июнда жасалган. Анда Улуттук банк **222,55 млн доллар** саткан. 

**2026-жылдын башынан бери** валюта рыногундагы бул операциянын жалпы көлөмү **1 млрд 869,5 млн** долларга жетти. Быйылкы жылдын эсеби менен Улуттук банк доллар сатып ала элек.