> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат
- URL: https://im.kg/banktar/2026/10/13/emi-akcha-almashtyruuda-sozsuz-ozdugun-tastyktagan-dokument-talap-kylynat/
- Published: 2026-10-13T09:28:41.000Z
- Updated: 2026-10-13T09:28:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган.**

Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат.

Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн ****паспортун,** мамлекеттик санариптик системалар аркылуу берилген санариптик ****ID-картасын** же жеке идентификациялык номери (ПИН) көрсөтүлгөн улуттук үлгүдөгү ****айдоочулук күбөлүгүн** пайдалана алат.

Мындан тышкары, **акча алмаштыруучу жайлардын кызматкерлери** кардардын санкциялык тизмелерде бар же жок экенин **текшерүүгө милдеттүү** болушат.

### **1 млн сомдон ашкан операцияларга карата талаптар**

Эгер кардар бир жолку же өз ара байланышкан бир нече операция аркылуу **1 млн** сомго барабар же андан ашкан сумманы алмаштырса, **кошумча текшерүүдөн өтүшү** шартталат.

Мындай учурда **акча алмаштыруучу жай** кардарды талаптагыдай текшерүүгө, анын ичинде **бенефициардык ээсин аныктоого** жана **санкциялык тизмелер боюнча текшерүүгө милдеттүү.**

Өзгөртүүлөр кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттенүү максатында киргизилди.

Аталган токтом **2026-жылдын 15-октябрынан** баштап, **иштей баштайт**.