> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты
- URL: https://im.kg/banktar/2026/10/13/kepildik-fond-arkyluu-aimaktagy-ishkerler-6-6-mlrd-som-kredit-alyshty/
- Published: 2026-10-13T08:53:13.000Z
- Updated: 2026-10-13T08:53:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат.**

Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин **76%ы же 1 156сы** Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга тартылган кредиттик каражаттардын көлөмү 6,6 млрд сомду түзүп, **жалпы сумманын 51%н** түзгөн. Кепилдиктердин саны боюнча алдыңкы беш облустун тизмеси:

- Баткен облусу — 187 кепилдик;
- Чүй облусу — 184 кепилдик;
- Нарын облусу — 168 кепилдик;
- Ош облусу — 165 кепилдик;
- Жалал-Абад облусу — 151 кепилдик берилген.

Кепилдик фонд ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана аймактардагы бизнести өнүктүрүү багытында ишин улантууда.

Кепилдик фонд - акционердик коом формасында түзүлүүчү, КРнын Улуттук банкында эсептик каттоонун жол-жобосунан өткөн жана кепилдик ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак болуп саналат. Ал банктан насыя алууда күрөөсү жетишсиз ишкерлерге кепилдик берип, ишкерлерге бизнесин ачуу же кеңейтүү үчүн кредит алууга мүмкүнчүлүк түзөт.