> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 4 акча алмаштыруучу жайга 220 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/10/24/bishkekte-4-akcha-almashtyruuchu-zhaiga-220-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-10-24T03:52:52.000Z
- Updated: 2026-10-24T03:52:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар, Экономика

**Бишкек шаарында мыйзам талаптарын бузган төрт акча алмаштыруучу жайга жалпы 220 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.**

> Маалыматка ылайык, төрт алмашуу бюросунун ар бирине **55 миң сомдон** айып салынган. Буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушу себеп болгон.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы Фучик көчөсү, 1а жана Чүй проспектиси, 287б даректеринде жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКсынын алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган.

Аталган бюронун 2022-жылдын 25-майында берилген №6295 лицензиясынын аракети 2026-жылдын 23-октябрынан 27-октябрын кошо алгандагы мөөнөткө токтотулду.