> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# BAKAI карталары менен Кыргызстандын бардык кафе-ресторандарында 5% кешбэк алыңыз
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/03/bakai-kartalary-menen-kyrgyzstandyn-bardyk-kafe-restorandarynda-5-keshbek-alynyz/
- Published: 2026-11-03T10:30:24.000Z
- Updated: 2026-11-03T11:47:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Эртең мененки кофе, кесиптештер менен түшкү тамак, үй-бүлө менен кечки тамактануу же достор менен жолугушуу - ноябрда мындай учурлар BAKAIдын 5% кешбэги менен ого бетер жагымдуу болот!**

2026-жылдын **1-ноябрынан 30-ноябрына чейин** BAKAI Кыргызстандын бардык аймагындагы кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайларында жасалган төлөмдөр үчүн **5% кешбэк чегерет.**

**Эң негизгиси** \- акция белгилүү бир жайлар же ресторандар тармагы менен гана чектелбейт.

Өзүңүзгө жаккан - кофеканаларда, ресторандарда, кафелерде, барларда, клубдарда, пиццерияларда, бургерканаларда жана акциянын шарттарына ылайык келген башка тамактануучу жайларда да кешбэк ала аласыз. Ири ресторандар тармагыбы же үйүңүздүн жанындагы чакан кафеби - айырмасы жок, акция Кыргызстандын бардык аймагында күчүндө!

### **Кешбэкти кантип алса болот?**

Баары **жөнөкөй**! Эсепти BAKAIдын Visa же Элкарт+ картасы менен, анын ичинде Apple Pay аркылуу төлөңүз. Сарптаган акчаңыздын **5%ын** эч кандай чектөөсүз, акча түрүндө кешбэк катары **кайтарып алыңыз!**

Промокод киргизүүнүн, катталуунун же башка кошумча аракеттердин кереги жок - адаттагыдай эле төлөсөңүз жетиштүү.

### **BAKAIдын картасы али жокпу?**

BAKAI тиркемесинен бир нече мүнөттө карта ачып, ноябрь бою сүйүктүү тамактарыңыздан ырахат алуу менен бирге кошумча пайда көрүңүз!

BAKAI - 5% кешбэк менен жагымдуу учурлар дагы да көп болсун!

***Акциянын шарттары:** *кешбэк 2026-жылдын 1-ноябрынан 30-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында BAKAIдын Visa жана Элкарт+ карталары менен төлөгөн Кыргызстандын жарандарына берилет. Кредиттик карталар акцияга катышпайт. Кешбэк акциянын шарттарында көрсөтүлгөн категорияларга кирген коомдук тамактануу жайларында жүргүзүлгөн төлөмдөр үчүн чегерилет.*