> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кимге ишенип акча бересиз? КРУБ лицензиясыз компаниялардан сак болууга чакырды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/03/kimge-ishenip-akcha-beresiz-krub-litsenziiasyz-kompaniialardan-sak-boluuga-chakyrdy/
- Published: 2026-11-03T05:16:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T05:16:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Улуттук банк жарандарды аманаттарды (депозиттерди) тартууга уруксаты жок коммерциялык уюмдарга акча которуудан сак болууга чакырды. Мындай компаниялар каражаттарды зайым, инвестиция же өнөктөштүк келишимдеринин негизинде чогултушу мүмкүн.**

> Улуттук банктын маалыматына ылайык, жарандардын акчасын белгилүү мөөнөткө, кайтарып берүү жана пайыз төлөө шарттары менен тартуу банк операциясы болуп саналат.

Банк операцияларын тиешелүү лицензиясы бар ****финансы-кредит уюмдар** гана жүргүзүүгө укуктуу. Алардын катарына - ****коммерциялык банктар, микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар** жана ****кредиттик союздар** кирет. Бул уюмдар Улуттук банктын көзөмөлүндө иш алып барып, лицензиясында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын чегинде гана каражат тартууга укуктуу.

Ошол эле учурда компаниянын **мамлекеттик каттоодон өткөндүгү** же башка ишмердүүлүк үчүн лицензиясынын болушу ага калктан **депозит тартуу укугун бербейт.**

Улуттук банк **айрым коммерциялык уюмдар** жарандарга инвестициялык, зайым же өнөктөштүк келишимдерин сунуштап, белгилүү мөөнөттөн кийин акчаны **үстөк пайызы** менен **кайтарып берүүнү убада** кылган учурларга көңүл бурууда. Келишимдин аталышы өзгөргөнү менен, анын иш жүзүндөгү мазмуну депозит тартуу белгилерине ээ болсо, мындай ишмердүүлүк **мыйзамсыз банктык иштин** белгилерин камтышы мүмкүн.

### **Кандай сунуштардан сак болуу керек?**

Улуттук банк жарандарга төмөнкү белгилерге көңүл бурууну сунуштайт:

- рыноктогу орточо көрсөткүчтөн кыйла **жогору киреше** убада кылынса;
- салынган акча эч кандай **тобокелдиксиз** кайтарыларына кепилдик берилсе;
- социалдык тармактар жана жарнамалар аркылуу **тез киреше табуу** сунушталып, тобокелдиктер түшүндүрүлбөсө;
- келишимде акчаны кайтаруу мөөнөтү, киреше булагы жана тараптардын **жоопкерчилиги так көрсөтүлбөсө**;
- компания чогултулган каражаттарды кайсы максатта колдонору тууралуу ишенимдүү **маалымат бербесе**.

Мындай белгилердин болушу өзүнөн-өзү мыйзам бузуу фактысын билдирбейт, бирок компаниянын ишмердүүлүгүн жана сунушталып жаткан келишимди **кылдат текшерүүгө негиз** болот.

### **Акча которуудан мурда эмнени билүү керек?**

Улуттук банк жарандарга компаниянын депозит тартууга лицензиясы бар-жогун [**расмий сайттан**](https://www.nbkr.kg/all%5Fnews.jsp?lang=KGZ&news%5Ftype=news-main )текшерүүнү сунуштайт.

Ошондой эле **депозиттерди коргоо** системасынын талаптары конкреттүү каражатка жайыларын тактоо зарыл. Мыйзамда каралган талаптарга жооп берген финансы-кредит уюмдарындагы **корголуучу аманаттар** боюнча кепилдик учур жаралса, бир аманатчыга төлөнүүчү **компенсациянын эң жогорку өлчөмү** **1 млн сомду** түзөт.

Банк аманаттарынын инвестициялардан жана зайымдардан ****айырмасына көңүл буруңуз**. Кадимки коммерциялык уюмга зайым же инвестициялоо келишиминин негизинде которулган акча каражаттары банк аманаттары болуп эсептелбейт жана депозиттерди коргоо системасы тарабынан корголбойт.

> Улуттук банк рыноктук деңгээлден жогору киреше убада кылган сунуштарга этият мамиле кылууга, келишимдерди кылдат окууга жана зарыл учурда юридикалык кеңеш алууга чакырат. 

Эгер мыйзамсыз каражат тартуу белгилери аныкталса, жарандар тиешелүү мамлекеттик органдарга, анын ичинде укук коргоо органдарына кайрыла алышат.