> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк акча-кредит саясаты жана санариптик төлөмдөр боюнча тажрыйба алмашты
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/03/uluttuk-bank-akcha-kredit-saiasaty-zhana-sanariptik-tolomdor-boiuncha-tazhryiba-almashty/
- Published: 2026-11-03T03:07:36.000Z
- Updated: 2026-11-03T03:07:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**2026-жылдын 29-октябрында Беларустун Несвиж шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын Валюта саясаты боюнча консультациялык кеңешинин 31-отуруму өттү. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын борбордук банктарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.**

КРнын Улуттук банкынын төрагасы А.К. Бакетаев баштаган делегация өлкөдөгү учурдагы экономикалык абал жана баалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын чаралары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан кабарлашты.

> Билдирүүгө караганда, жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин борбордук банктары да макроэкономикалык кырдаалга өз бааларын сунушташты. Тараптар өлкөлөрдүн учурдагы экономикалык тенденциялары жана аларга карата жөнгө салуучу органдар көрүп жаткан чараларды талкуулашты.

Мындан тышкары, төлөм системалары жана санариптик финансылык технологиялар күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болду. КРУБ өкүлдөрү киберкоркунучтарга жана уруксатсыз төлөм операцияларына каршы күрөшүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле санарип сом долбоорунун ишке ашырылышы жана Кыргызстанда виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Өз кезегинде башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн бул багыттагы тажрыйбасы менен таанышышты. Отурумдун жыйынтыгында Кеңеш сунушталган маалыматтарды эске алуу жана акча-кредит саясаты, төлөм системалары менен санариптик технологиялар боюнча тажрыйба алмашууну улантуу чечимин кабыл алды.