> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк эскертет
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/03/uluttuk-bank-eskertet/
- Published: 2026-11-03T13:00:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T13:00:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Алдамчылар коммуналдык кызматтар жана айып пулдар боюнча жасалма квитанцияларды таратып, жарандардын каражатын кымырып алуу аракетин көрүшүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнөн билдиришти.**

> *Аталган бөлүмдүн башчысы Мирсудин Исаевдин айтымында, шылуундар коммуналдык кызматтар жана айып пулдар боюнча жасалма квитанцияларды таратып, төлөм жүргүзүүнү сунуштап жатышат. Эгерде төлөм жүргүзүү үчүн шектүү шилтемелерге өтүү жана бейтааныш QR-коддорду сканерлесе акча каражаттары жоголуп кетиши мүмкүн.*

Андыктан, карыздар жана айып пулдар тууралуу маалыматтарды расмий сайттардан гана текшерүү сунушталууда. Алдамчылыктан сак болуңуздар!

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**