> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк жыл башынан бери 13-валюталык интервенция өткөрдү
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/03/uluttuk-bank-zhyl-bashynan-beri-13-valiutalyk-interventsiia-otkordu/
- Published: 2026-11-03T03:20:56.000Z
- Updated: 2026-11-03T03:26:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын башынан берки 13-валюталык интервенциясын өткөрдү. Анын алкагында ички валюта рыногунда 214,5 млн доллар сатылды. Бул жыл башынан берки көлөмү боюнча экинчи ири интервенция болуп саналат.** 

> Улуттук банктын маалыматына ылайык, сатылган валютанын **16,5 млн доллары** бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү шарты менен, ал эми **198 млн доллары** бүтүм түзүлгөн күндөн башка күнү эсептешүү шарты менен сатылган.

Интервенция учурунда доллардын курсу **87,44 сомду түздү.**

Быйылкы **эң ири** валюталык интервенция **29-июнда** өткөрүлүп, анда Улуттук банк **222,55 млн доллар саткан.**

2026-жылдын башынан бери Улуттук банк валюта рыногунда **долларды сатып алуу** операцияларын жүргүзгөн жок.