> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# DemirBank "Пайыздык чениңди өзүң танда" акциясын 16-ноябрга чейин узартат
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/05/demirbank-paiyzdyk-chenindi-ozun-tanda-aktsiiasyn-16-noiabrga-cheiin-uzartat/
- Published: 2026-11-05T07:00:00.000Z
- Updated: 2026-11-05T07:29:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Акция 2026-жылдын август айында башталып, Кыргызстан үчүн насыя берүүнүн жаңы форматына айланды, анын алкагында кардар онлайн-насыя боюнча пайыздык ченди өз алдынча тандай алат. Белгиленген пайыздык чендин ордуна кардар 0%дан 19,99%га чейинки каалаган пайыздык ченди көрсөтөт, ал эми Банк анын сунушун күн сайын жүргүзүлүүчү тандоонун алкагында карайт.**

### **Арыздарды тандоо кандай жүргүзүлөт?**

DemirBank күн сайын саат 18:00дө келип түшкөн сунуштарды эң жогорку пайыздык ченден баштап карайт. Акциянын алкагында насыя берүүгө күнүнө **2 млн сом** бөлүнөт.

Пайыздык чендер бирдей болгон учурда артыкчылык биринчи болуп ырасталган арызга берилет. Саат **18:00гө чейин** кардар өз сунушун чектөөсүз санда өзгөртө алат, ал эми тандоо учурунда акыркы тандалган пайыздык чен эске алынат.

Жыйынтык push-билдирүү аркылуу жөнөтүлөт. Эгерде пайыздык чен жактырылса, кардар **24 сааттын ичинде** насыяны тариздөөгө тийиш. Эгерде пайыздык чен жактырылбаса, Банк стандарттык пайыздык ченден 1 пайыздык пунктка төмөн альтернативдүү пайыздык ченди сунушташы мүмкүн.

### **Кантип катышууга болот?**

1. DemirBank тиркемесин ачып, онлайн-насыя алууга арыз бериңиз.
2. Насыянын суммасын жана мөөнөтүн көрсөтүңүз
3. Каалаган пайыздык ченди тандаңыз — тиркеме анын жактырылуу ыктымалдыгын болжолдуу түрдө көрсөтөт.
4. Катышууну ырастап, жыйынтыгын күтүңүз.

**Акция 16-ноябрга чейин күчүндө болот.** Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн[ DemirBank мобилдик тиркемесинде ](https://demirbank.kg/api/dynamic-link/redirect/choose-rate2-about-kyr?utm%5Fsource=economist&utm%5Fmedium=media&utm%5Fcampaign=choose-rate%5F2&utm%5Fcontent=landing&utm%5Fterm=promo%5F2)арыз берүү жетиштүү, филиалга баруунун кажети жок.

Толук шарттар — Банктын расмий сайтында [www.demirbank.kg](https://demirbank.kg/api/dynamic-link/redirect/choose-rate2-about-kyr?utm%5Fsource=economist&utm%5Fmedium=media&utm%5Fcampaign=choose-rate%5F2&utm%5Fcontent=landing&utm%5Fterm=promo%5F2 ).

***Акцияга катышуу** *\- насыянын же тандалган пайыздык чендин жактырылышына кепилдик бербейт. Чечим Банк тарабынан насыя берүүнүн колдонуудагы талаптарына жана жол-жоболоруна ылайык кабыл алынат. Насыянын толук наркынын эффективдүү пайыздык чени (МЭПС) — 22,3%га чейин.*