> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк банктар жана төлөм уюмдары үчүн жаңы талаптарды сунуштады
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/06/uluttuk-bank-banktar-zhana-tolom-uiumdary-uchun-zhany-talaptardy-sunushtady/
- Published: 2026-11-06T02:52:00.000Z
- Updated: 2026-11-06T02:51:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасына катышуу, андан убактылуу четтетүү жана чыгаруу тартибин жаңылоону сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.**

Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр төлөмдөрдү иштетүү тартибин оптималдаштыруу жана банктар аралык эсептешүүлөрдүн азыркы практикасына шайкеш келтирүү максатында даярдалган.

Долбоордо системага жаңы катышуучуларды кошуу талаптарын тактоо каралган. Ага ылайык, катышуучулар электрондук төлөм документтеринин коопсуздугун камсыз кылууга, техникалык талаптарга жооп берүүгө, маалыматтык коопсуздук шарттарын сактоого жана системага туташуунун резервдик каналына ээ болууга тийиш. Ошондой эле алардын Улуттук банк алдында мөөнөтү өтүп кеткен акчалай милдеттенмелери болбошу керек.

Системага кошулууну каалаган уюм Улуттук банкка жазуу жүзүндө арыз берет. Банк арызды алган күндөн тартып **30 календардык күндүн ичинде** катышуучулардын курамына киргизүү же баш тартуу тууралуу чечимин билдирет.

Мындан тышкары, системанын катышуучусу белгиленген талаптарды аткарбаса, эрежелерди бузса же милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбаса, анын системага катышуусу убактылуу токтотулушу же толугу менен токтотулушу мүмкүн. Катышуучу өз демилгеси менен системадан чыгууну кааласа, бул тууралуу операторго **15 календардык күн** мурда жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

Долбоордо пакеттик клиринг системасы аркылуу иштетилүүчү төлөмдөрдүн түрлөрүн тактоо да каралган. Алардын катарына кредиттик төлөмдөр, келечектеги эсептешүү датасы менен жүргүзүлүүчү кредиттик төлөмдөр, тике дебеттөө, келечектеги дата менен тике дебеттөө жана кайтарым төлөмдөр кирет.

Өзгөртүүлөрдүн дагы бир бөлүгү төлөм карталары боюнча операцияларды эсептешүү тартибинин өзгөрүшүнө байланыштуу. Буга чейин мындай операциялар пакеттик клиринг системасы аркылуу жүргүзүлүп келсе, азыр алар реалдуу убакыт режиминдеги эсептешүүлөрдүн гросстук системасына которулган. Ошондуктан колдонуудагы документтерден эскирген ченемдерди алып салуу сунушталууда.

---

Токтом долбоору кабыл алынса, расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.