> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# BAKAIдын Mastercard карталары менен бардык сатып алуулар үчүн 5% кешбэк кайтарып беребиз!
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/10/bakaidyn-mastercard-kartalary-menen-bardyk-satyp-aluular-uchun-5-keshbek-kaitaryp-berebiz/
- Published: 2026-11-10T06:34:13.000Z
- Updated: 2026-11-10T06:34:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**BAKAIдын Mastercard карталары менен соода кылуу пайдалуураак! 2026-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин Кыргызстандын бардык аймагында онлайн жана офлайн сатып алуулар үчүн 5% кешбэкти реалдуу акча түрүндө алыңыз!**

Жыл аягы - соода кылууга эң ыңгайлуу учур. Кышкы кийимдерди жаңыртуу, жакындарыңызга белек алуу, жаңы техника сатып алуу же өзүңүз жактырган ресторанда кечки тамактануу - эми мындай сатып алуулардан кошумча пайда көрөсүз.

### **Кешбэкти кантип алса болот?**

Эң жөнөкөй! Кыргызстандын аймагында BAKAIдын Mastercard картасы менен POS-терминалдарда же онлайн төлөп, ар бир сатып алуу суммасынын 5%ын реалдуу акча түрүндө кайтарып алыңыз.

### **Картаңыз жокпу? Анда BAKAIдын Mastercard картасын тандаңыз!**

- **Mastercard Gold** \- күнүмдүк сатып алуулар, онлайн төлөмдөр жана саякат үчүн универсалдуу карта. Аны BAKAI тиркемесинен бир нече мүнөттө тариздеп, жеткирүү кызматы аркылуу алсаңыз болот.
- **Виртуалдык Mastercard Gold** \- BAKAI тиркемесинде онлайн таризделет жана чыгарылгандан кийин дароо колдонууга болот.
- **Mastercard World Elite** \- саякат учурунда өзгөчө артыкчылыктарды сунуштаган премиум карта. Алардын катарына LoungeKey бизнес-залдарына чексиз кирүү, аэропорттордогу Fast Track кызматы, саякат учурунда камсыздандыруу, эл аралык интернет-роуминг жана башка артыкчылыктар кирет. Картаны тариздөө үчүн BAKAIдын бөлүмүнө кайрылуу керек.

BAKAIдын Mastercard карталарынын ичинен өзүңүзгө ылайыктуусун тандап, жыл аягына чейин бардык сатып алуулар үчүн 5% кешбэк алыңыз!

**Акция 2026-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин, 31-декабрды кошкондо, BAKAIдын улуттук валютадагы Mastercard карталарын колдонгон Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн өткөрүлөт. Кешбэк Кыргызстандын аймагында онлайн жана офлайн жасалган бардык сатып алуулар үчүн эсептелет.*

*Кешбэк - сатып алууга жумшалган акчанын бир бөлүгүн реалдуу акча түрүндө картага кайтарып берүү. Мисалы, 1 000 сомго соода кылсаңыз, 5% кешбэк 50 сомду түзөт.*