> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Дүйнөлүк банктын НПИС долбоорун колдоо миссиясы башталды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/10/bishkekte-duinoluk-banktyn-npis-dolboorun-koldoo-missiiasy-bashtaldy/
- Published: 2026-11-10T05:34:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T05:33:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Банктар, Экономика

**9-ноябрда Бишкек шаарында Дүйнөлүк банктын НПИС долбоорун ишке ашырууну колдоо боюнча миссиясы өз ишин баштады. Бул тууралуу Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) билдирди.**

> Маалыматка караганда, миссиянын алкагында долбоордун учурдагы жүрүшү талкууланып, Экономика жана коммерция, Финансы, Агартуу, ошондой эле Эмгек жана социалдык коргоо министрликтеринин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Иш-чара 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин уланат. Бул аралыкта финансылык башкаруу, мамлекеттик сатып алуулар, айылдардын инфраструктурасына инвестиция тартуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын институционалдык потенциалын чыңдоо жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралат.

Ошондой эле климаттык иш-чаралар, социалдык жана экологиялык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушууга Дүйнөлүк банктын өнүктүрүү боюнча улук адиси Луиза Нора, социалдык өнүктүрүү боюнча адис Дамира Темирбаева, консультант Эрдал Кочоглу, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, анын орун басары Асел Мамбеткулова жана НПИС долбоорунун командасы катышууда.

Миссиянын негизги максаты - долбоордун ишке ашырылышын талдоо, учурдагы маселелерди талкуулоо жана мындан аркы иштерди координациялоо.