> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк “Флэш Пэй” компаниясынын лицензияларын үч айга токтотту
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/10/uluttuk-bank-flesh-pei-kompaniiasynyn-litsenziialaryn-uch-aiga-toktottu/
- Published: 2026-11-10T04:04:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T04:04:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечимине ылайык, “Флэш Пэй” ЖЧКсынын төлөм системалары аркылуу кызмат көрсөтүүгө берилген эки лицензиясынын колдонулушу 2026-жылдын 10-ноябрынан тартып үч айга убактылуу токтотулду.**

Улуттук банктын басам сөз кызматынын маалыматына ылайык, компаниянын төмөнкү лицензияларынын колдонулушу токтотулган:

- үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүгө берилген лицензия;
- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө берилген лицензия.

Мындан тышкары, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети бир төлөм уюмуна же төлөм системасынын операторуна **1 млн 454 миң 804 сом 68 тыйын** өлчөмүндө айып салган.

Айып салууга банктык мыйзамдардын автоматташтырылган системалардын ишин камсыз кылуу жана операциялар тууралуу маалыматтарды сактоо талаптарынын, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү мыйзамдарынын эл аралык электрондук акча которууларда кардарды талаптагыдай текшерүү талаптарынын бузулушу негиз болгон.