> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк коммерциялык банкка 65 миң сом айып пул салды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/11/uluttuk-bank-kommertsiialyk-bankka-65-min-som-aiyp-pul-saldy/
- Published: 2026-11-11T10:16:28.000Z
- Updated: 2026-11-11T10:16:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын керектөөчүлүк кредиттөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн өлкөдөгү бир коммерциялык банкка 65 миң сом айып пул салынды.**

> Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Берилген маалыматта банктын аталышы жана мыйзам бузуу кайсы талаптарга байланыштуу болгону такталган эмес.

Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган коммерциялык банктардын тизмесине ылайык, азыркы тапта **26 коммерциялык банк** жана алардын филиалдары иш жүргүзөт. Алардын ишмердүүлүгүн Улуттук банк дайыма көзөмөлгө алып турат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**