> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/11/uluttuk-bank-tolom-uiumuna-aiyp-pul-saldy/
- Published: 2026-11-11T03:16:08.000Z
- Updated: 2026-11-11T03:17:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна айып пул салынды.**

> Улуттук банктын маалыматына ылайык, мыйзам бузууга жол берген төлөм операторуна **55 000 сом** өлчөмүндө айып тагылган. Ал эми айып салынган төлөм уюмунун аталышын ачыктаган жок.

Учурда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде өлкөдө **59** төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму иш алып барып жатат. Алардын бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан.

---

*Белгилей кетсек, *төлөм уюмдары* товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, өткөрүү жана эсептешүү кызматтарын көрсөтсө, *төлөм системасынын операторлору* төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана катышуучуларга жеткирүү функцияларын аткарат.*