> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/12/kyrgyzstanda-el-aralyk-valiuta-fondunun-missiiasy-ishin-bashtady/
- Published: 2026-11-12T11:49:05.000Z
- Updated: 2026-11-12T11:49:05.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Банктар

**Бүгүн Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы ишин баштады. Бул тууралуу улуттук банк маалымдады.**

> Билдирүүгө ылайык, иш сапар 2027-жылдын жаз айларына пландалган ЭВФтин IV беренеси боюнча кезектеги консультацияларына даярдык көрүүнүн алкагында өтүүдө.

Миссиянын жүрүшүндө өлкөнүн учурдагы макроэкономикалык абалы жана экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттары талкууланат.

Иш сапардын биринчи күнүндө Улуттук банктын төрагасы А.К. Бакетаев менен жолугушуу өттү. Анда тараптар Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү тенденцияларын, акча-кредит саясатынын чараларын жана финансы секторунун туруктуулугун камсыздоо маселелерин карашты.

Мындан ары миссиянын программасынын алкагында мамлекеттик органдардын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт.