> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сентябрда Кыргызстанга 274,1 млн доллар акча которулган
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/12/sentiabrda-kyrgyzstanga-274-1-mln-dollar-akcha-kotorulgan/
- Published: 2026-11-12T06:18:00.000Z
- Updated: 2026-11-12T06:17:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Банктар

**2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген акча которуулардын жалпы көлөмү 274,1 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.**

> Маалыматка ылайык, анын негизги бөлүгү - 2**50,8 млн доллары** КМШ өлкөлөрүнөн келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн **23,3 млн доллар** которулган.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандан чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын көлөмү **9,4 млн долларды** түздү.

Анын ичинен **3,3 млн доллары** КМШ өлкөлөрүнө, **6 млн доллары** алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, бул көрсөткүчтөр 2026-жылдын сентябрь айындагы акча которуулардын жалпы көлөмүн камтыйт.