> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/17/kyrgyzstanda-banktardyn-kredit-portfeli-658-7-mlrd-somgo-zhetti/
- Published: 2026-11-17T05:17:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T05:16:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Банктар

**2026-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп турган. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.**

> Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун активдери **17,7 %га** өсүп, **1 трлн 425 млрд сомду** түзгөн. Ал эми кредит портфели **29,9 %га** көбөйүп, **658,7 млрд сомго** жеткен.

Банктардын жалпы депозиттик базасы **5,3 %га** өсүп, **912,3 млрд сомду** түзгөн.

Ошондой эле ислам каржылоосунун көлөмү жыл башынан бери **64,2 %га** көбөйүп, **31,6 млрд сомго** жеткен. Учурда алты коммерциялык банк ислам банк ишинин принциптери боюнча кызмат көрсөтөт.