> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/19/uluttuk-bank-1-kommertsiialyk-bankka-5-min-354-som-aiyp-pul-saldy/
- Published: 2026-11-19T12:15:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T12:14:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлин аткаруу боюнча талаптарды сактабагандыгы үчүн бир коммерциялык банкка карата 5 миң 354 сом 22 тыйын өлчөмүндө айыптык төлөм салынды.**

> Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Берилген маалыматта банктын аталышы такталган эмес.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган коммерциялык банктардын тизмесине ылайык, азыркы тапта **26 коммерциялык банк** жана алардын филиалдары иш жүргүзөт. Алардын ишмердүүлүгүн Улуттук банк дайыма көзөмөлгө алып турат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**