> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк бир нече акча алмашуу жайына чара колдонуп, 1 жаранга айып пул салды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/19/uluttuk-bank-bir-neche-akcha-almashuu-zhaiyna-chara-koldonup-1-zharanga-aiyp-pul-saldy/
- Published: 2026-11-19T11:36:52.000Z
- Updated: 2026-11-19T11:36:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк валюта рыногундагы айрым оюнчуларга карата тиешелүү чара колдонду.**

> Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарындагы **"Евросом" алмашуу бюросунун** лицензиясынын аракети **убактылуу токтотулду.** Мындан сырткары борбордогу **2 алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сомдон** айып пул салынды. 

Ошондой эле, Бишкек шаарында Улуттук банктын **лицензиясы жок** накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын **2 жаранына** (Б.Т.К., Б.Ч.А.) ар бирине - **17 500 сом** өлчөмүндө айып пул салды.

> Улуттук банк жарандарды чет өлкө валютасын алмаштырууда лицензиясы бар алмашуу бюролорунун кызматынан гана пайдаланууга чакырып, мыйзамсыз валюта алмаштыруу жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

---

*Улуттук банктын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын *16-ноябрына карата* абалы боюнча реестрине ылайык, Кыргызстанда азыр жалпы - *871 акча алмашуу бюросу* ишмердүүлүк жүргүзүп жатат.*