> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/20/bishkekte-litsenziiasyz-valiuta-almashtyrgan-eki-zharanga-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-11-20T11:48:32.000Z
- Updated: 2026-11-20T11:48:32.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Банктар

**Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн эки Кыргызстандын жаранына административдик айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, мыйзам бузган Ч.Д.А. жана Д.Б.К. аттуу жарандардын ар бирине **17 500 сомдон** айып пул чегерилди.

Эске салсак, накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзүү үчүн Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болушу керек.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**