> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк 12 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып салды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/23/uluttuk-bank-12-almashuu-biurosuna-55-somdon-aiyp-saldy/
- Published: 2026-11-23T10:49:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T10:48:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Банктар

**Бир аптада КР Улуттук банкынын нормативдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн 12 алмашуусу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирди.** 

> Мекеме тараткан маалыматка ылайык, алардын 10у Бишкек шаарында, экөө Ош шаарында жайгашкан. 

Ошондой эле:

- 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом 22 тыйын айып пул салынды;
- Бишкек шаарында 2 жаранга лицензиясыз накталай валюта алмаштырган үчүн 17 миң 500 сомдон айып пул салынды.

Мындан тышкары 19-ноябрдан 24-ноябрга чейин Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайдын лицензиясынын аракети токтотулду.