> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Көмүр жагуудан кутулдук”: мамлекеттик жеңилдетилген насыяга жылуулук насосун орноткон үй-бүлөнүн тажрыйбасы
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/24/komur-zhaguudan-kutulduk-mamlekettik-zhenildetilgen-nasyiaga-zhyluuluk-nasosun-ornotkon-ui-bulonun-tazhryibasy/
- Published: 2026-11-24T09:07:28.000Z
- Updated: 2026-11-24T09:08:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Чүй облусунун тургуну Кошалы Көчөрбаев мурда бир кышта көмүргө 50–60 миң сом коротчу. Быйыл мамлекеттик жеңилдетилген насыяга жылуулук насосун орноткон. Октябрда аянты 150 чарчы метр болгон үйүнүн жалпы электр энергиясына миң сомдун тегерегинде төлөгөн.**

> "**Бир кышка** 5,5–6 тонна көмүр керектелчү. Жеткирүүсүн кошкондо **тоннасы** **10 миң** сомдун тегерегине чыкчу", — дейт Кошалы Көчөрбаев.

Жабдуу августта орнотулуп, күзүндө үйдү жылытуу үчүн иштетиле баштаган. Аны сатып алууга үй-бүлө Финансы министрлигинин "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында "АБанктан" насыя алган.

> "Насыяны оңой эле алдык. Өтүнмө бергенден кийин он чакты күндө баарын текшерип, анан акчаны беришти", — дейт ал.

### **Үй-бүлө азыр канча төлөйт?**

> "Октябрда 680 киловатт-саат электр энергиясын керектедик. Бул — бүт үйдүн жалпы керектөөсү. Миң сомдун тегерегинде төлөдүк", — деп түшүндүрөт Кошалы.

Күн сууктаган сайын төлөм көбөйүшү мүмкүн экенин үй ээси эске алууда. Анын болжолунда, **ноябрда чыгым 3 миң** сомдун тегерегинде болуп, катуу суукта **4 миң** сомго жетиши мүмкүн. Бул — азырынча божомол. Үй-бүлө жылуулук насосу менен толук кыш өткөрө элек болгондуктан, жалпы кышкы чыгымды кийинчерээк салыштырууга болот.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/--------1-3.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/---------2-2.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/---------3-2.png)

100 м² аянттагы үйдү жакшы жылылтуу үчүн ылайыктуу шарттарда туура тандалган жылуулук насосу болжол менен 3-4 кВт электр энергиясын керектеп, 12-15 кВт жылуулук энергиясын өндүрө алат. Башкысы - күнүмдүк түйшүктөн арылтат.

### **Бирок күнүмдүк турмуштагы өзгөрүү азыртан сезилүүдө**

> "Азыр суукта иштетип жатабыз, үй жылуу. Көмүр жагуудан бошоп калганыбызга сүйүнүп жатабыз. Жылуулук насосун колдонууда кыйынчылык болгон жок", — дейт ал.

### **Жабдуу канча турат жана жеңилдетилген насыяны кантип алса болот?**

Бишкекте жылуулук насосунун болжолдуу баасы — **220 миң сомдон 660 миң сомго чейин.** Сумма үйдүн аянтына, жылууланышына, жабдуунун кубаттуулугуна жана комплектациясына жараша болот. Так смета үйдү текшерип чыккандан кийин түзүлөт. Жеткирүү жана орнотуу чыгымдарына кошумча каражат алынаарын өзүнчө тактап алуу керек.

Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун тургундары Финансы министрлигинин мамлекеттик жеңилдетилген насыя линиясы аркылуу 1 миллион сомго чейин, жылдык **6 % менен, 5 жылга** чейинки мөөнөткө насыя ала алышат.

Каражатты жылуулук насосторун жана долбоордо каралган башка экологиялык жактан таза жылытуу жабдууларын сатып алууга, жеткирүүгө, орнотууга жана кошумча чыгымдарды жабууга пайдаланууга болот. Толук шарттарын "АБанк", "Элдик Банк" жана "Бакай Банктан" билүүгө болот.

### **Электр кубаттуулугуна чектөө коюлсачы?**

Аянты **100 чарчы метр болгон, жакшы жылууланган үйгө** туура тандалган жылуулук насосу ылайыктуу шарттарда болжол менен **3–4 кВт электр кубаттуулугун керектеп, 12–15 кВт жылуулук кубаттуулугун бере алат**. Бул көрсөткүчтөр жабдуунун үлгүсүнө, сырттагы абанын температурасына жана иштөө режимине жараша өзгөрөт.

Насостун жана ошол учурда күйүп турган башка шаймандардын жалпы керектөөсү үйгө бөлүнгөн кубаттуулуктан ашпаса, насос чектөө учурунда да иштей алат. Жабдууну тандоону жана электр тармагына түшүүчү жүктү эсептөөнү адиске тапшыруу керек. ****Электр жарыгы өчүп калган учурлар үчүн генератор, инвертору бар аккумуляторлор же резервдик электр менен камсыздоо системасы бар күн панелдерин колдонсо болот.**

Кошалы Көчөрбаевдин үй-бүлөсү үчүн жаңы жылытуу системасы эң оболу күн сайын көмүр жагуу түйшүгүнөн арылтты. Чыгымды азайтуу жана мамлекеттик жеңилдетилген насыядан пайдалануу мүмкүнчүлүгү мындай кадамга жол ачат. Ал эми көмүр жагуудан баш тарткан ар бир үй — түтүндүн азайышына, баарыбыз дем алган абанын тазараак болушуна кошулган салым.