> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк коммерциялык банктар үчүн жаңы токтом кабыл алды
- URL: https://im.kg/banktar/2026/11/24/uluttuk-bank-kommertsiialyk-banktar-uchun-zhany-toktom-kabyl-aldy/
- Published: 2026-11-24T04:08:00.000Z
- Updated: 2026-11-24T04:07:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Банктар

**Улуттук банк Башкармасы коммерциялык банктардын ликвиддүүлүктү башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган токтом кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Улуттук банктын маалыматына ылайык, тиешелүү чечим 2026-жылдын 20-ноябрында № 2026-П-12/60-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому менен бекитилди.

Документ жөнгө салууну өркүндөтүү жана коммерциялык банктардын ликвиддүүлүктү башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында кабыл алынган.

> Токтом менен Улуттук банктын расмий сайтындагы "Банк жөнүндө" бөлүмүнүн "Банк иши тууралуу мыйзамдар" жана "Улуттук банк Башкармасынын токтомдору" бөлүмдөрүнөн таанышууга болот.

Документ ошондой эле Улуттук банктын ченемдик актыларынын "Банктык жөнгө салуу" бөлүмүндө жайгаштырылат.