«Кумтөр» мамлекеттик башкаруу алдында. Кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

ЖКнын депутаттары 17-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу тыштан башкарууну киргизүү чечимин кабыл алышкан. Талкуунун жыйынтыгында, мамлекеттик комиссия тарабынан берилген маалыматты карап чыгуу жана анын иштөө мөөнөтүн 3 айга узартуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган.

Жогоруда аталган токтомдун пунктарынын бири министрлер кабинетине Centerra Gold Inc. ишканасынын жер казынасын колдонуудагы жоопкерчиликсиз иш-аракетине байланыштуу «Кумтөр Голд Компаниге» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоону сунуштаган.

Эмне үчүн мындай болду?

Эскерте кетсек, «Кумтөр» маселеси Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутмановдун «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын үстүнөн жазган арызынын негизинде башталган. Активисттер ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 7-майда төрт адамдын «Кумтөр Голд Компани» (Centerra Gold Inc. алтын өндүрүүчү компаниясынын туунду компаниясы ) ЖАКна болгон доо арызын канааттандырган. Ага ылайык, «Кумтөр» кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө келтирилген зыяндар үчүн 261.7 млрд  сом, андан сырткары 1.3 млрд сом улуттук салык (пошлина) мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин түзүлгөн «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча бул мамлекеттик комиссия кен иштетүүчү компаниядан дагы 4,2 млрд доллар өндүрүп алууну сунуш кылган. Ага ылайык, экологияны бузгандыгы үчүн – 3 млрд 86 млн айып пул, ал эми 1 млрд 166 млн доллар болсо – төлөнбөгөн салыктар деген арыз менен доого жыккан.

Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилери өзүнүн жарыясында кыргыз бийлигинин иш-аракеттерин жана чечимдерин кенди улутташтыруу демилгесин актоо же Centerra Gold ишканасын «Кумтөрдөн» баш тартууга мажбурлоо аракети катары баалады.

Ушул мезгилде ЖАК «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын вице-президенти жана орто звенодогу көпчүлүк менеджерлери, чет өлкөлүк жумушчулар, экспатрианттар Кыргызстандан чыгып кетишкен

Дароо эле ушундан кийин өкмөт компанияга убактылуу тыштан башкаруу киргизүү чечимин кабыл алган. Эки күндүн ичинде эле ага ылайыкташкан мыйзам иштелип чыгып, депутаттар аны үчүнчү окууда эле кабыл алышты.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз отурумунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу тыштан башкарууну киргизүү тууралуу токтомунун негизинде, министрлер кабинети Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тыштан башкаруучу кылып дайындап, алтын кендеги өндүрүштү көзөмөлгө алган.

Мамлекеттик башкаруу. Кандай ыйгарым укуктар бар?

Экономика министрлиги «Убактылуу тышкы менеджерди дайындоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга койгон. Аталган тартипке ылайык, тышкы башкаруучу акционердик коомду толук көзөмөлүнө алууну көздөйт. Мындан тышкары документ тышкы менеджерге компаниянын эсебинен сый акы алуу укугун да берет.

Башкаруучу, мамлекеттик менчикти башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен дайындалат.

Белгилүү болгондой, «Кумтөрдүн» учурдагы тышкы башкаруучусу, мурдагы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта Кыргызстандын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп жүргөн Тенгиз Бөлтүрүк Канаданын жараны болуп саналат.

Мурда, 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында Бөлтүрүк КРнын дипломаттык паспортун көрсөтүп, кош жарандуулугу тууралуу айткан. Депутаттар анын мындай документке укугу жоктугун адилеттүү сындашкан. Бөлтүрүк ал паспортун 2020-жылы октябрда ал кезде президент боло элек Садыр Жапаровдун буйругу менен алганын белгилеген.

Эксперттин пикири

«Тыштан башкаруу – керектүү жабдыктарды, запастык бөлүктөрдү, КММ сыяктуу каражаттарды алып келүүдө маселе жаратышы мүмкүн. Ал үзгүлтүксүз жүрүш керек болгон өндүрүү процессине залакасын тийгизиши ыктымал», – деп белгиледи тоо-металлургия профсоюзунун төрагасы Эльдар Тажибаев.

«Учурда ал жакта жолго коюлган конвейер лентасы бар, ошол үзгүлтүксүз жүрүп жаткан процессти токтотбош керек. Мындан тышкары, жетекчилик каражат менен камсыздаган жеткирүүчүлөр менен келишим түзгөн, алардын көбү – чет элдиктер. Андыктан «Центерранын» белгилүү бир рычагдары бар, алар Кыргызстанга жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Албетте, биз өндүрүштү токтотууга кызыкдар эмеспиз, анткени бул орду толгус жоготууларга алып келиши мүмкүн. Бир эле фабриканы калыбына келтирип, ишке киргизүү үчүн айлар кетет, ошондуктан жоготуулар да баарыбыз үчүн эбегейсиз чоң болот. Эң башкысы – өндүрүү процесси үзгүлтүккө учурабаш үчүн күйүүчү май сыяктуу каражаттар менен камсыздап турушубуз керек», – дейт ал.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы Аскар Сыдыковдун пикиринде, ишкананын жетекчилик кызматтарына компетенттүү адамдар шайланбаса, өндүрүш артка кетиши мүмкүн.

«Статистикага таянсак, 70-80% мамлекеттик компаниялар натыйжасыз иштешет, тагыраак айтканда, мамлекет менчиктеген субъекттерди жакшы башкара албайт. Андыктан «Кумтөр» кандай башкарылат, бул дагы чоң суроо», – дейт ал.

«Эгерде экология боюнча маселе жаралса, мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө буйрук чыгарылат, айып пул салынат ж.б.у.с. иштер жүргүзүлөт. Андан кийин алар каралып, мыйзам бузуулардын аткарылышын көзөмөлдөп турушат, эгерде алар аткарылбаса, анда ишкана жумушун токтотот. Бирок тышкы башкарууну киргизүү – адатта бул колдонулбайт», – дейт Аскар Сыдыков.

Эгерде кен казууда иштер токтосо, ал өлкөнүн бүт экономикасына таасирин тийгизет.

«Кумтөр ИДПтун 10%дан көбүн камсыздайт, бул дээрлик жалпы бюджеттин 15%ы дегенди билдирет. Биринчи кварталда экономика 9%га төмөндөдү. Эгерде «Кумтөрдө» көрсөткүчтөр төмөндөсө, бул жалпы экономикага таасирин тийгизет, анткени бул өндүрүш жумуш орундары менен камсыз кылат жана башка тармактарда да иш алпарат. Биздин өлкөдө тоо-кен тармагындагы ар бир жумуш – башка тармактарда дагы үчкө жакын жумуш орундарын берет», – деп билдирет ЭИК.

Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит тышкы башкаруу жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы – жагымсыз прецедентти түзүп, өлкөгө инвестициянын келүүсүнүн төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

«КРда инвестициялык долбоорлорго катышууну каалаган потенциалдуу инвесторлор ушул ченемдик укуктук актыдан келип чыккан тышкы башкарууга байланыштуу тобокелдиктерди эске алышы керек. Ошондой эле, бул жаңылыктар КРнын эл аралык экономикалык рейтингдериндеги абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андан тышкары, эл аралык арбитраждагы процесстерге байланыштуу мүмкүн болгон тобокелдиктерди эске алуу зарыл.
Инвестицияларды тартуунун ийгиликтүү эл аралык тажрыйбасында болуп келгендей, ишкердикти жүргүзүү үчүн туруктуу, алдын-ала божомолдонгон эрежелердин болушу, ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо мамлекеттин кепилдиктери болуш керек», – дейт бизнес-омбудсмен.

Робин Орд-Смит ушул акыркы этапта деле тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени макулдашып жөнгө салат деген үмүттө.