«Каскад ГЭС», «Теңир-Тоо Энерго» - жаңы дайындалган Энергетика министринин орун басары 5 компанияга ээлик кылат

Factcheck.kg маалыматтык иликтөө порталынын журналисттери 24-октябрда жаңы дайындалган Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбековдун беш компаниясы бар экенин далилдеген макаласын жарыялады.

Аталган порталдын берген маалыматына таянсак, анын бир тууганы Сапарбек Султанбеков энергетика тармагында бизнес менен алектенет.

Бүгүнкү күндө Сабырбек Султанбеков өзү osoo.kg сайтында, беш компаниянын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн. Ошентип, «Теңир-Тоо Энерго» ЖЧКсында ал дагы эле директор болуп саналат. Компания “электр энергиясын берүү” менен алектенет. Толук эмес 2022-жылга карата 146 миң сом салык төлөгөн.

Ал эми быйыл Султанбеков «Каскад ГЭС» ЖЧКсын каттаган. «Электр энергиясын өндүрүү жана ГЭСтер» менен алектенген компаниянын кеңсеси Токтогул 125/1 дарегинде “Авангард” бизнес борборунда жайгашкан.

2021-жылы Султанбеков дагы бир компанияны – “Энерго-Security” деп аталган коопсуздук агенттигин түзгөн. Ишкана “Теңир Тоо энерго” ишканасы менен бир даректе – Сухомлинова, 28 дареги боюнча жеке үйдө катталган.

2019-жылы иниси Сапарбек Султанбеков директор болуп иштеген «Энерготранзит» ЖЧКсынын негиздөөчүсү болгон. Бул компания «электр линияларын жана телекоммуникацияларды куруу» менен алектенет. Үстүбүздөгү жылы ишкана 458 миң сом салык төлөгөн.

«Ак-Сай Голд Компани» ЖЧК да Султанбековго таандык жана 2011-жылы катталган. Белгилей кетсек, компания 2013-жылдан бери салык төлөбөй келет.

Эске салсак, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге ишкердик субъекттерди башкарууга катышууга тыюу салынат.

Factcheck.kg чыгарган корутундусу боюнча, Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков энергетика тармагында жана башка тармактарда ишкердик менен алектенет, бул «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын нормаларына каршы келет.