«Кемпир-Абаддын» берилишин сынга алып, камалгандардын саны 26га жетти
Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы болгон жарандык активисттер менен саясатчылардын саны 26га жетти. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
29-октябрга карата жалпысынан 28 адам кармалып, сот жообуна тартылган.
Талант Эшалиев үй камагында. Издөөдө – Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу).
Кылмыш материалында Жогорку Кеңештин дагы эки депутаты – Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаровдун да аты аталууда.
26 адам камакта, анын ичинен бирөө УКМКнын СИЗОсунда:
- Али Шабдан. Сот Турат Бекенов
- Гүлнара Журабаева. Сот Тилек Турдугулов
- Асия Сасыкбаева. Сот Нурдин Ибраимов
- Эрлан Бекчороев. Сот Нурдин Ибраимов
- Жеңиш Молдакматов. Сот Нурдин Ибраимов
- Равшан Жээнбеков. Сот Турат Бекенов.
- Рита Карасартова. Сот Тилек Турдугулов
- Клара Сооронкулова. Сот Тилек Турдугулов
- Перизат Суранова. Сот Тилек Турдугулов
- Улугбек Маматаев. Сот Турат Бекенов
- Таалай Мадеминов. Сот Турат Бекенов
- Чынгыз Капаров. Сот Тилек Турдугулов
- Айбек Бусурманкулов. Сот Тилек Турдугулов
- Нурлан Асанбеков. Сот Тилек Турдугулов
- Атай Бейшенбек. Сот Тилек Турдугулов
- Айданбек Акматов. Сот Тилек Турдугулов.
- Марат Баязов. Сот Тилек Турдугулов
- Акыл Айтбаев. Сот Тилек Турдугулов
- Кенешбек Дуйшебаев. Сот Нурдин Ибраимов.
- Бектур Асанов. Судья Нурдин Ибраимов.
- Кубанычбек Кадыров. Сот Нурдин Ибраимов.
- Канат Исаев – СИЗО УКМК
- Азимбек Бекназаров. Сот Нурдин Ибраимов
- Мамбетжунус Абылов. Сот Тилек Турдугулов.
- Орозайым Нарматова. Сот Турат Бекенов
- Ильгиз Шаменов. Сот Турат Бекенов
Эске салсак, 23-октябрдан бери 20дан ашык саясатчы жана активист укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча келишимге каршы чыгышкан. Алардын көбүнө эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы киргизилген.
Кошумча окуңуз:
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси Кыргызстандагы акыркы окуяларга комментарий берди
«Кемпир-Абад» маселеси жөн эле шылтоо экен — Садыр Жапаров
Бишкекте 500дөн ашык адам тынчтык митингине катышты
Активисттерди камагандан маселе чечилеби? — Мирлан Самыйкожо
Бүгүн камактагы активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында тынчтык митинги өтөт
Кемпир-Абад маселеси: Жыйында Ташиев коркутканга чейин барды
Садыр Жапаров чуулуу «Кемпир-Абад» суу сактагычынын «тагдыры» тууралуу үн катты