Бир дагы жакын тууганым «Кумтөр» менен иш кылбайт - Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине “Кумтөрдүн” айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу маек курду.

Президент “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөнү тууралуу оюн айтты.

“Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, “Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур”, – деп жалаа жабууга аракеттерди кыла башташканда өзүм демилге көтөрүп, “депутаттардан турган комиссия түзгүлө” деп эл өкүлдөрүнөн сурандым. “Комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн да кошуп алгыла” дедим. “Комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер” дедим эле, тилекке каршы, макул болбой койгонбу, айтор Исхак Масалиев комиссиянын төрагасы болуптур.

Мейли кимиси болсо да, “Кумтөргө” барышсын, ийне-жибине чейин текшерип келишсин, анан элге жарыя кылышсын. Канча алтын казылыптыр, кайда сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, уурдалыптырбы же уурдалбаптырбы – баарын айтып беришсин. Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келишсин.

Биз “Кумтөрдү” кайтарып алган күнү эле тааныш-билиштерибиз “жумушка киргизип койсоңор” деп эшик кага башташты. Мен бардык туугандарымды чогултуп алып: “Кумтөргө” жолобогула, бир дагы кишини жумушка киргизбегиле”, – деп айттым. “Жоопкерчилик Теңгиз мырзанын өзүндө болсун. Бошогон орундар болсо, өзү кызматка алып, өзү жооп берсин” деп Теңгиз мырзанын өзүнө толук укук бергем. “Бир килограмм эт, бир килограмм картошка дагы сатпагыла. Кыскасы, жакындашпагыла” дегем.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин бир дагы жакын тууганым “Кумтөр” менен иш кылбайт. Теңгиз Бөлтүрүккө биринчи күндөн баштап какшап айтып келдим. “Теңгиз мырза, мындан ары сиз чет мамлекеттерде жеке менчик ишкананы башкарып жүргөндөй башкарбаңыз. “Кумтөр” мамлекеттик ишкана болот. Каражаттарды оңго-солго чачпаңыз. Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан издеп барат. Буга чейин “Кумтөрдөн” жеп келгендердин оозун тигиңиз. Өзүңүз да уурдабаңыз. Таза иштеңиз”, – деп “Кумтөрдүн” бир тыйынына да аралашкан жокмун”, – деди Жапаров.

Ошондой эле президент “Кумтөр” Кыргызстандын энчисине толук өтөрү менен Эсеп палатасын жибергенин, сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталганын, жыйынтыгында, Теңгиз Бөлтүрүк жана башка тиешеси бар жетекчилер камалганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө президенттин чет элдик жаран менен кошо алтын куймасын кармап түшкөн бир тууганы Сабыр Жапаровдун сүрөтү кызуу талкуу жараткан эле.

Кошумча окуңуз:

Бир грамм алтын кереги жок – президент бир тууган агасынын алтын куймаларын кармап түшкөн сүрөтүнө ачыктама берди

Президенттин агасы Сабыр Жапаровдун кызы президенттик администрацияда иштейт – Temirov LIVE