Өзбекстан менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлери Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюшту

Бүгүн, 3-ноябрда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Норов КРга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

ТИМдин берген маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар КР менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге кол коюшкан.

“КРнын министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Өзбекстандын Суу чарба министрлигинин ортосундагы суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлер эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшуп, КР менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлеринин Биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышкан.

Иш сапардын алкагында Норовду КРнын президенти Садыр Жапаров да кабыл алган.

Кошумча окуңуз:

«Кемпир-Абаддын» берилишин сынга алып, камалгандардын саны 26га жетти

«Кемпир-Абад» маселеси жөн эле шылтоо экен — Садыр Жапаров

Бизди өтө кооптуу кылмышкерлердей эле Ташиев өзү барып, Москвадан бизди сураптыр – активист Илгиз Шаменов

Бишкекте 500дөн ашык адам тынчтык митингине катышты

Активисттерди камагандан маселе чечилеби? — Мирлан Самыйкожо

Акыйкатчы институту Кемпир-Абад боюнча кармалган активисттерди кармоодо укук бузуулар болгонун билдирди

Бүгүн камактагы активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында тынчтык митинги өтөт

Кемпир-Абад маселеси: Жыйында Ташиев коркутканга чейин барды

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды — Кемпир-Абад Өзбекстанга кетиши мүмкүн

Садыр Жапаров чуулуу «Кемпир-Абад» суу сактагычынын «тагдыры» тууралуу үн катты