> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутат өз үй-бүлөсүн да, Ташиевдердин үй-бүлөсүн да текшерүүнү сунуштады
- URL: https://im.kg/biilik/2022/11/24/deputat-z-j-b-l-s-n-da-tashievderdin-j-b-l-s-n-da-teksher-n-sunushtady/
- Published: 2022-11-24T15:35:11.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:17:05.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн үй-бүлөсүн жана Ташиевдердин үй-бүлөсүн текшерип, салыштырып көрүүнү сунуштады.**

Буга чейин ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан кысым жана коркутуп-үркүтүүлөр болуп, туугандарынын бизнесин тартып алабыз деп коркутканын [айткан](http://localhost/info-portal/news/2022/11/24/surabaldieva-kempir-abaddy-ber-g-karshy-dobush-bergen-18-deputatka-kysym-k-rs-t-lg-n-n-zhana-korkutuu-bolgonun-ajtty/).

> Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев “Кудайберген” базарына ээлик кылган Сурабалдиеванын үй-бүлөсү мамлекетке **70 млн сом** карыз экенин айтты. Ал ошондой эле башка депутаттарга да карата келип түшкөн арыздардын негизинде оор кылмыш иштерин козгойбуз деп коркутту.

Сурабалдиева Салык кызматы “Кудайбергенди” эки айдан ашык убакыт текшергенин, **2 млн сомдук** салык төлөнгөндүгүн жана андан бери бир ай өтө электигин айтты. Анын сөзүн ведомствонун башчысы Алтынбек Абдувапов тастыктады. Депутат бул Салык кызматынын катасыбы деп сурады – анын айтымында буга чейин эч кандай 70 млн сом тууралуу сөз болгон эмес.

> «Акылбек Үсөнбекович, ал сиздин орун басарыңыз эмеспи. Анын эл алдында айткан сөздөрүнөн кийин **Сурабалдиевдердин үй-бүлөсүнүн да, Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн да капиталынын келип чыгышы боюнча** текшерүү уюштурууга даярсызбы? Жогорку Кеңештин бардык депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү катышсын. Мен мындай кадамга барууга даярмын. Ошондо бул өлкөдө ким салык төлөп, ким кантип байыганын көрөбүз», – деди Сурабалдиева.