> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычы жана Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдерге кол койду
- URL: https://im.kg/biilik/2022/11/30/sadyr-zhaparov-kempir-abad-anzhiyan-suu-saktagychy-zhana-zbekstan-menen-chek-ara-bojuncha-kelishimderge-kol-kojdu/
- Published: 2022-11-30T09:32:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:22:13.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**29-ноябрда Кыргызстандын президенти Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычы жана Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдерге кол койду.**

Өзбекстандын Анжиян деп аталган Кемпир-Абад суу сактагычы жөнүндө “КР министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол коюлду. Бул келишимди Жогорку Кеңеш 17-ноябрда ратификациялаганы айтылды.

> Бул документте суу сактагычтын суусун биргелешип башкаруу аныкталган. “Келишимдин максаты – суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешкен комиссия аркылуу башкаруу”.

Садыр Жапаров ошондой эле “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган КР менен Өзбекстан ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул мыйзамды да Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кабыл алган.

> Президент кол койгон келишимдин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жалпы узундугу 302.29 чакырымды түзгөн мамлекеттик чек ара тилкелери аныкталган.