Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ИИБне жаңы жетекчилер дайындалды

Бүгүн, 28-декабрда Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына дайындалган жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Алар:

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Абитов дайындалды. Мурда ал Ош ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков дайындалды. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги кызматын ээлеп келген.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Орунбай Кочкоров дайындалды. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын ээлеген.

“Бүгүнтөн баштап өз ишиңиздерди күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп баштаңыздар. Эгерде сиздер элдин ишенимин актабай, өз милдетиңиздерди так аткарбай, жүктөлгөн ишмердике салкын мамиле жасай турган болсоңуздар, жаза катуу болот”, – деди Ниязбеков.