Отчеттук жыйында «эң жакшы» деген баага Экономика жана Финансы министрликтери татыган жок
Кечээ, 28-декабрда өткөн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишинине мониторингдин жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Жапаров өлкөнүн башкы документи болгон – Улуттук программага сапаттуу жана толук ишке ашыруу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн так жана жөнөкөй системасы киргизилгендигин белгиледи, анда ар бир мамлекеттик органдын ар бир иш-чарага жоопкерчиликтүү караганы жана салым кошкону каралды.
Талдоонун жыйынтыгы боюнча “мыкты”, “жакшы”, “үч” жана “эки” деген баалар менен аныкталганын кошумчалады.
Тизмедеги мамлекеттик органдар “эң жакшы” деген баа алышты, бирок ага Экономика жана Финансы министрликтери кирген жок.
- Мамлекеттик салык кызматы
- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
- Ички иштер министрлиги
- Коргоо министрлиги
- Тышкы иштер министрлиги
- Юстиция министрлиги
- Улуттук статистика комитети
- Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги
- Социалдык фонд.