Улуттук банк быйыл дээрлик жарым млрд доллар ички валюта рыногуна чыгарды - бирок баары бир доллар дефицит

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын өкүлдөрү депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди.

Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев доллардын курсу жеткиликтүү бир баада турушу үчүн Улуттук банк канча суммадагы каражатты банктардын акча жүгүртүүсүнө сатасыңар деген суроосун салды.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков жылдын башынан тартып 23-декабрга карата өлкөнүн башкы банкы 8 интервенция жасаганын белгиледи.

“8 интервенцияда 486.5 млн АКШ долларын сатканбыз. Ошол эле учурда 190.7 млн доллар банктардан сатып алганбыз. Таза сатуу 295.7 млн доллар чыкты”, – деди Улуттук банктын өкүлү.

Депутат Улуттук банк дээрлик жарым млрд долларды курсту кармап туруу үчүн бергенин, бирок ал кандай курста берилгенине кызыкты.

“Расмий курс рыноктун негизинде белгиленет. Биз туруксуздукту жаратпоо максатында чыгардык”, – деген Куленбеков так маалымат берген жок жана ал адашып, “интервенция” сөзүн бир канча жолу “инференция” деп атады.


Белгилей кетсек, акыркы убакта республикада доллардын тартышсыздыгы байкалууда жана акча алмаштыруучу жайлар доллар бербей жатат. Чет өлкөдөн доллар же евро менен которулган акчаны да банктар улуттук валютада беришүүдө.

Кошумча окуңуз:

Улуттук банктын кирешеси январь-ноябрь айларында 33%га азайды

Улуттук банк ири валюталык интервенция жасап, банктарга 87.5 млн доллар сатты

Кыргызстандыктар акча каражаттарын көбүрөөк чет элдик валютада сактай башташты

Кыргызстандан акчанын рекорддук агылып чыгуусу эки айдан бери уланууда