0.6 гектар жер тилкеси менен дээрлик млн сом - Садыр Жапаровдун 2021-жылга карата декларациясы

Кыргызстандын Салык кызматы бир жылга кечиктирип, негизги мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын жарыялады. 2021-жылдын 28-январында КРнын президенти кызматына киришкен Садыр Жапаровдун кирешеси тууралуу да отчет берди.

Салык кызматынын сайтында жарыяланган документке ылайык, Садыр Жапаров президенттик кызматтын биринчи жылында 997.8 миң сом, же айына 83 миң сомдон ашык киреше тапкан. Президенттин дагы 0.6 гектар жер тилкеси бар экени айтылат. Ал эми анын жакын туугандарынын 17.2 чарчы метр аянтты ээлеген гаражы бар.

2020-жылы Кыргызстандын премьер-министри катары Садыр Жапаров 248 миң сомго жакын кирешесин жарыялаган. Ал эми активдеринде алты гектар жер тилкесин көрсөткөн.

2020-жылы Жапаровдун жакын туугандары дээрлик 440 чарчы метр аянтты ээлеген эки үйдү жана ошол эле гаражды каттоого алышкан.