Кыргызстанда 1-февралдан баштап жеке жактарга патенттин 33 гана түрү калат – тизмеси жана тарифтери

Министрлер кабинети патенттин түрлөрүн кыскартып, жеке жактарга эмгек ишмердүүлүгү боюнча патенттин 34 түрүн гана калтырды. Өкмөттүн токтому 1-февралдан тартып күчүнө кирет.

Төмөндө жеке жактар үчүн патенттин түрлөрү жана алардын айлык өлчөмдөрү келтирилет:

  • Металл жана металл буюмдары менен иштөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр – кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүнө жараша 1 миң сомдон 6 миң сомго чейин
  • Ачкычтарды жана кулпуларды даярдоо жана оңдоо – 500 сом
  • Жасалма гүлдөрдү жана аза күтүү гүлчамбарларын жасап берүү кызматтары – 1 миң сом
  • Мал жаюу боюнча кызмат көрсөтүү – 1500 сом
  • Алтынды жеке жактардын казып алуусу – 3 миң сом
  • Атайын медициналык жабдууларды оңдоо жана тейлөө – 1 миң сом
  • Таштандыларды кайра иштетүүчү материалдарды алуу үчүн үй шартында кабыл алуу кызматтары – калдыктардын түрүнө жараша 500 сомдон 10 миң сомго чейин
  • Атайын курулуш иштери – 6 миң сом
  • Дизайнерлик иштер – 15 миң сом
  • Фото иштери – 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин
  • Сүрөтчүлөрдүн ишмердүүлүгү – 1 миң сом
  • Мааракелерди жана салтанаттарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр – 4 миң сом
  • Үн жаздыруу жана видео тасма тартуу кызматы – 1500 сом
  • Котормочунун кызматы – 2 миң сом, сурдокотормочунун кызматы – 300 сом
  • Жеке ветеринардык кызмат – 3 миң сом
  • Товарларды жана жүктөрдү таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр – 2 миң сом
  • Чет тилдерин, компьютердик техниканы, бухгалтердик эсепти, айдоочулук жана башка иштерди үйрөтүү – 2 миң сом, ал эми кызмат көрсөтүүлөр репетиторлук же окутуу түрүндө көрсөтүлсө – 600 сом
  • Дарылоо массаждары жана ийне саюу кызматтары – 5 миң сом, эгерде мындай кызматтарды майып адам көрсөтсө – 1 миң сом
  • Компьютерди жана байланышты оңдоо кызматтары – 4 миң сомдон 5 миң сомго чейин
  • Жеке буюмдарды жана тиричилик буюмдарын оңдоо боюнча кызматтар – 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин
  • Жеке тейлөө кызматтары (арабада жүк ташуу, акы төлөнүүчү дааратканалар, кир жуугуч, коомдук жайларда радиодого акы төлөнүүчү жарнактарды алуу, ошондой эле телекөрсөтүү жана спутниктик антенналарды жана видеобайкоолорду орнотуу) – түрүнө жараша 150 сомдон 1000 сомго чейин
  • Бала багуучулардын, багбандардын жана үй кызматчыларынын кызматы – 500 сом
  • Баланы же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды багуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр – 300 сом
  • Укук тармагындагы иш-чаралар – 10 миң сом
  • Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинде саясий партиялардын, талапкерлердин таламдарын билдирген байкоочулардын, ишенимдүү адамдардын, өкүлдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрү – 700 сом
  • Кыргызстандагы эмгек мигранттарынын өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, курулуш тармагындагы, ошондой эле жеке кызмат көрсөткөндөрдүн кызматы – 800 сом
  • Курьердик ишмердүүлүк менен алектенүү – 1 миң сом
  • 0% бирдиктүү салык ставкасы менен жөнөкөйлөтүлгөн салык тутумунда иштеген жеке ишкерлердин кызматкерлери – 700 сом
  • Үйдө иштеген тигүүчүнүн кызматы – 700 сом
  • Визажисттердин, чач тарачтардын, маникюр жана педикюр адистеринин кызматы – 2 миң сом
  • Аянты 100 чарчы метрге чейин үйдөгү жеке баня кызматтары – 10 миң сом
  • Айдоочулар – транспорттун түрүнө жараша 1 миң сомдон 8 миң сомго чейин, анын ичинде такси кызматы – 1 миң сом, унааларды ижарага берүү, бир унаага – 2 миң сом.