Бийлик MEGA уюлдук операторун 12 млрд сомго сатууну пландап жатат

MEGA уюлдук операторунун болжолдуу наркы 12 млрд сомго бааланууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында компаниянын башкы директору Нурлан Мамытов билдирди.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Мамытов ишкана жылына 1.5 млрд сомдон ашык киреше табаарын, ал эми салыктар 820 млн сомдон ашык экенин белгиледи.

Эске салсак, өткөн жылдын аягында Мамлекеттик мүлк фонду «Альфа Телеком» ЖАКты баалоочу компания издей баштаган. Бул кызмат үчүн фонд 7.8 млн сом төлөөгө даяр экенин да билдирген болчу.