Баалары мамлекеттик жөнгө салууга тийиш болгон товарлардын 24 түрүнүн тизмеси бекитилет

Кечээ, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Баа түзүү жөнүндөгү” жана “Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдардын долбоорлору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова белгилегендей, “Баа түзүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору эркин баа түзүүнүн жана бааларды (тарифтерди)  мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин өркүндөтүүгө багытталган.

Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу социалдык маанидеги товарлардын наркын жөнгө салуу каралууда. Бүгүнкү күндө 24 түрдөгү товар катталган. Анын ичинде ун, май, сүт, эт, жумуртка, көмүр, бензин, суюлтулган газ жана башкалар бар.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, концепциясы жактырылды.