Президенттик аппаратта кимдердин балдары иштейт? - Temirov Live

Темиров Live каналынын журналисттери президент Садыр Жапаровдун аппаратында иштеген мамлекеттик жогорку кызматта иштегендердин балдары тууралуу сөз кылган жаңы иликтөөсүн жарыялады.

Журналисттер бул адамдардын дагы президент Жапаровдун үй-бүлөсү менен туугандык байланышы же жакын мамилеси бар экенин белгилешет:

  • Президенттик администрациядагы эксперт Нурсултан Усубалиев — Коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Таалайбек Усубалиевдин уулу
  • Президенттин жардамчысы Азамат Апсатаров — президенттик аппараттын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, УКМКнын мурдагы директору Бекбосун Апсатаровдун уулу
  • Президенттин жана министрлер кабинетиндеги эксперт Туратбек Шаршембиев — Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун уулу (Садыр Жапаровдун кайын журту)
  • Санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Перизат Жапарова — Сабыр Жапаровдун (Садыр Жапаровдун жээни) кызы.
Ошондой эле журналисттер Туратбек Шаршембиев 1992-жылы туулган, 2-курстун студенти — анын билим деңгээли ээлеген кызматына дал келбей турганын белгилешүүдө.

Бийлик Темировдон эмнеге кутулгусу келди? — ал коррупциялык схемалар боюнча иликтөөлөрдү жарыялачу

Журналист Болот Темировду Москвага айдап жиберишти

Журналист Болот Темировду ондогон адам аэропортто кармап турушат